Кайгуул кызматы: «Бишкек ШИИБдин мурдагы жетекчиси кабылган жол кырсыкта 2 адам жабыркаган»

Бишкек ШИИБдин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-августта саат 23:15 чамасында болгон. Анда 1968-жылы туулган Матмусаев Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен Дэу Матиз жана Мазда үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 жаран жабыркап, ооруканага Тез жардам унаасы менен жеткирилген.

«Бул факты боюнча унаалар убактылуу айып короо жайына жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Азыркы учурда Тойота Камри үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу Ички иштер органдарында иштебейт. ИИМдин министринин кеңешчиси эмес. ИИМдин кадрлар бөлүмүнүн карамагында. Азыркы учурда баардык соттук укуктук экспертизалар дайындалган. Жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.