Кайгуулчунун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраев. Башкы айыпталуучу 16 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кайгуулчунун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум болуп, айыпталуучуларга сот өкүм чыгарды. Бүгүн айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты. Сотко судья Санжар Чотонов төрагалык кылды.

Соттун чечими менен башкы айыпталуучу Жакупбек Дуулат уулу 16 жылга эркинен ажыратылды. Ал жазасын түзөтүү колониясында өтөйт. Ошондой эле жабырлануучуларга 576 миң сом материалдык чыгымды жана 100 миң сом моралдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилди. 

Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылды. Сот аларды жети жыл алты айга эркинен ажыратып, жазаны үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл түрүндөгү шарттуу жаза менен алмаштырды.

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.