Мурун мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалган күч түзүмүнүн мурдагы кызматкери кайрадан рулга мас абалда отурган.
Маалыматка ылайык, кайгуулчулар токтоткондо ал каршылык көрсөтүп, агрессивдүү мамиле жасап, милиция кызматкерлерин сөгүп, качууга аракет кылган. Ошондой эле “эртең баарыңар иштен кетесиңер” деп коркуткан.
Ал медициналык текшерүүдөн өтүүдөн жана документ көрсөтүүдөн баш тарткандыктан, кызматкерлер коопсуздук максатында мыйзамга ылайык күч колдонууга мажбур болушкан. Ага протокол түзүлүп, иши Октябрь РИИБинин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, бул жаран мурда да бир нече жолу мыйзам бузганы белгилүү болду.









