Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-июль күнү Свердлов РИИБге жаран кайрылып, чала таанышы 2025-жылдын март айынан тартып алдоо жолу менен чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддордун биринен кыймылсыз мүлк жана 6 даана унаа алып берем деген шылтоо менен ишеничине кирип, 3 миллион 500 сом акчасын ээлеп алган тууралуу билдирген.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан алдамчылык беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган жаран аныкталып, камакка алынган.








