Чүйдүн Панфилов районундагы Кайыңды шаарында жайгашкан №3 мектептин директору кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 2022-жылдын октябрында 5 адамды расмий жумушка алып, быйылкы жылдын октябрь айына аларга айлык төлөп келген. Бирок иш жүзүндө беш адам иштебегендиги аныкталган. Бул жол менен мектеп директору мамлекеттик бюджетке зыян келтирген.
Шектүү катары 1991-жылы туулган мектеп директору кармалып, камакка алынган.