Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, эки кылмыш иши – бул Калыс-Ордодогу мектеп жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылган. Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев бир жылдан ашык убакыттан бери камакта. Жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча буга жол берилбейт.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Эртең экс-президентке байланыштуу соттук иш Жогорку Сотто каралганы жатат. Эгерде чечим адвокаттар тарабында болсо, анда Алмазбек Атамбаев бошотулушу мүмкүндүгү айтылууда.