Камактагы активист Шаменов: «Бишкекке билетти өзүбүз сатып алганбыз»

Жарандык активист Ильгиз Шаменов камакка алынышы боюнча журналисттерге комментарий берди. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова экөө Москвадан Бишкекке алып келинип, камакка алынган. 

Шаменовдун айтымында, Нарматова экөө Бишкекке учак билеттерин өздөрү сатып алышкан. Шаменов тергөө жүрүп жаткан мезгилде аларды эч жакка чакырбай, эч кандай чара көрүлбөгөндүгүн айтып нааразы болду. Анын айтымында, алар Орусиядагы бизнесинде кандайдыр бир мыйзам бузууларды табууга аракет кылып жатышат.