Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү тергөө бүткүчө камакта болот

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө — Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. аттуу жарандарга карата бөгөт коюу чарасы каралып, тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан криминалдык лидердин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулган. Алар көп жылдар бою эл керектөөчү товарларды (Кытайдан экспорттолгон товарлар) тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха” деген  каймана аты менен белгилүү А.И., А.К., “Протез” каймана аты бар А.Ш. жана “Кения” каймана аты бар К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына камалган.