Камчы Көлбаев абактан бошотулду

Бишкек шаардык соту Камчы Көлбаевдин (Асанбек Камчы) баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта аталган шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал камактан эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. 

Камчы Көлбаев кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деп шектелип, 2020-жылы 22-октябрда Бишкек шаарында кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Кийин №47 түзөтүү абагына которулган болчу.