Камчы Көлбаев башкарган коммерциялык фирмалардын 2 жетекчиси кармалды

Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо фактысы боюнча Камчы Көлбаев көзөмөлдөгөн коммерциялык фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан такталгандай, жеке баюу жана көзөмөлгө алынган уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында, Камчы Көлбаев жасалма адамдар аркылуу, «Гранд Электроникс» ЖЧКсы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кумтөр» кенине тамак-аш жана тамактануу менен камсыздоо келишимин түзүшкөнү аныкталды. «Гранд Электроникс» ЖЧКсынын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан алган каржылык кирешеси уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына, андан кийин накталай акчага айлантуу жана Камчы Көлбаевдин жеке өзүнө өткөрүп берилген.

6-мартта «Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, маркум кримтөбөл көзөмөлдөп башкарган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б жана Х.Д.А. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.