Массалык башаламандыкка чакыруу боюнча шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен, ошондой эле, 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон «Огуз» каймана аты бар 1988-жылы туулган Кыргыз жараны кармалды. Кармалган жаран социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу Камчы Көлбаев үчүн өч алуу ниетинде массалык башаламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилди.