Камчыбек Жолдошбаевге добуш сатып алуу. Үй комитеттери административдик ресурсту пайдаланган деп шектелип жатышат

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына Бишкек шаарынын кварталдык жана үй комитеттери тарабынан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча УКМК маалымат таратты.

УКМК тарабынан буга чейин Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө (шайлоочуларды сатып алуу) каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин ишенимдүү өкүлү кармалган. Тергөөдө мыйзамды бузуу менен Бишкектин Ленин районундагы №2 жана №4 Муниципалдык аймактык башкаруусунун кварталдык жана үй комитеттеринин айрым өкүлдөрү жана алардын жакын туугандары акчалай сый акы үчүн мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүшкөнү, ошондой эле алардын айрымдары депутаттыкка талапкердин пайдасына шайлоочуларды сатып алуу процессине катышканы аныкталды.

«Азыркы учурда УКМК тарабынан аныкталган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча, кварталдык жана үй комитеттерине карата тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн БШКга жана Бишкек мэриясына материалдар жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.