УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылышкан. Шектүүлөр жарандын 46 миң АКШ долларын ээлеп алышкан. Кармалган 6 жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аттарын колдонуу менен мындай мыйзамсыз аракеттерди жасоону жана жарандарды адаштырууну көздөгөн адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартыларын билдирет.











