Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору системалуу коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын 5 кызмат адамы кармалды. Кызматкерлер байкоо камералары жок атайын бөлүнгөн жерлерде салык салуунун тигил же бул маселелерин тездеткендиги жана чечкендиги үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча каражаттарын чогултушкан.
Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары документтештирилген. 22-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тибетте жер титирөө катталып, акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 95 адамга жетти. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып,...
Өзгөндө жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 6-январь күнү...
Чикагодо 7-январга караган түнү Кыргызстандын жаранын атып кетишкен. Бул тууралуу анын тааныштары кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган...
Санкт-Петербургда Кыргыз жараны Kia Rio үлгүсүндөгү унаасы менен 15 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу 78.ru басылмасы жазып чыкты. Маалыматка...
Баткенде жубайлар ортосунда чыр чыгып, аялы ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 31-декабрь күнү түнкү саат 00:46 чамасында Баткен...