«Камера жок жерде акча алышкан». УКМК 5 салыкчыны кармады (видео)

Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору системалуу коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын 5 кызмат адамы кармалды. Кызматкерлер байкоо камералары жок атайын бөлүнгөн жерлерде салык салуунун тигил же бул маселелерин тездеткендиги жана чечкендиги үчүн ишкерлерден системалуу түрдө акча каражаттарын чогултушкан.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын алуунун көптөгөн фактылары документтештирилген. 22-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын 5 инспектору кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.