«Кан тамырын кескен деп». Бишкекте таанышын өлтүрө сабаган делген жаран кармалды

Милиция кызматкерлери денеге оор залал келтирүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

16-февралда саат 06:55 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу болуп, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде эркек киши кан тамырын кескени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барып, 1982-жылы туулган кишинин жансыз денесин табышкан. Денесин кароо учурунда криминалдык тактар байкалган. Факты Октябрь РИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1977-жылы туулган киши кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.