Кант шаарында оор жүк ташуучу унаа мамыдагы электрикти сүйрөп кетип, электрик каза болду

Кант шаарында электр мамыга чыгып, тез тамактануучу жайды электр тогуна туташтыруу ишин жүргүзүп жатканда электрикти оор жүк ташуучу унаа мамыдан ыргыта сүйрөп, жабырлануучу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБиден билдиришти.

«23-июль күнү Кант шаарынын тургуну Н.А. тез тамактануучу жайды электр тогуна кошом деген максатта зымдын бир учун белине байлап мамыга чыккан. Ошол учурда оор жүк ташуучу машина өтүп баратып зымдын экинчи учун илип, Н.А.ны мамыдан кулаткан. Н.А. оор жаракат алып, каза болгон. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя боюча тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирди басма сөз кызматы.