Кантта мушташтан окуучулардын бири каза болгон. Кылмыш ишинин тергелишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
25-январда Кант шаарында жайгашкан №3 мектептин 10-классынын Р.А. аттуу окуучусу оозеки чыр-чатактан улам мушташа кетишип, 2008-жылы туулган Ч.Д. аттуу окуучунун денесине залал келтирген. Жыйынтыгында Ч.Д. аймактык ооруканага жеткирилип, ушул эле күнү эсине келбей ооруканадан каза болгон. Окуя саат 14:12 чамасында болгон. Ошол эле күнү Ысык-Ата РИИБге маркумдун 1997-жылы туулган агасы арыз менен кайрылган. Бул факты Ысык-Ата РИИБде катталып, кылмыш иши козголгон.
«Тергөөнүн жүрүшүндө чыр-чатак чыккандан кийин алар мектептин аймагынан тышкары жерде мушташып, натыйжада экөө тең денесинен жаракат алышкан. Жыйынтыгында жашы жете элек Ч.Д. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эсине келбей каза болгон», — деп жазылат маалыматта.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.