Кантта сабалган тергөөчү. Жактоочусу окуя тууралуу айтып берди (видео)

Адвокат Шердор Абдыкапаров милиция кызматкери сабалганын айтып чыкты. Ал социалдык тармактагы баракчасында окуя тууралуу айтып берди.

Редакцияга Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «14-апрелде саат 04:00 чамасында 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар Кант шаарындагы 24-базардын жанында 1991-жылы туулган милиция кызматкерин сабап кетишкен. Жабырлануучу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты катталып, 280-берене (бейбаштык) менен кылмыш иш козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жабырлануучу 1991-жылы туулган жаран Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү экени аныкталган. Учурда бул иш боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — дешти.