Милиция кызматкерлери эки адамды өлтүрүүгө жана турак жайды өрттөөгө шектүү жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
12-октябрда саат 20:55 чамасында Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынын Пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен. Ыкчам-тергөө тобу барып өрт чыккан барак үй 4 батирден турганын жана алардын биринен өрт чыгып, анын ичинде 1981-жылы туулган жарандын сөөгү бар экенин аныкташкан. Батирден чыккан өрт жанындагы 3 батирге өткөнү да аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Х.Р. аттуу жаран мас абалында өзүнүн таанышы Е.И.ге келип, ал жерден кызганычтан улам Е.И.ни жана И.О. аттуу жаранды сабап, кылмыш аракетин улантуу менен Х.Р. аталган батирдин уктоочу бөлмөсүнө кирип, ал жактан К.А. аттуу жаранга медициналык спирт куюп, аны атайылап өрттөп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.
Э.И. жана И.О. аттуу жарандар алган жаракаттары менен Кант шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилип, Э.И. ооруканага жаткырылып, ал эми И.О. ооруканадан уруксатсыз чыгып кеткен. 15-октябрь күнү 1972-жылы туулган И.О.нун жансыз денеси Кант шаарынын Чекиров көчөсүнөн табылган.
16-октябрда бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) жана 216-беренесинин (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын жүрүшүндө жогорудагы окуяга шектүү 1990-жылы туулган Х.Р. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram