Кара-Балтада 24 жаштагы жигит киши колдуу болду. Кылмышка шектүүлөрдүн бири изделип жатат

Кара-Балтада 24 жаштагы жергиликтүү тургун токмоктолуп көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 12-октябрда болгон. Ошол күнү жигит сабалып ооруканага түшкөн. Ал комага түшүп, 19-октябрда каза болгон. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү) боюнча катталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит тааныштары тарабынан сабалган. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Жайыл РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн биринин изине түшүшкөн. Анын 24 жаштагы жаран экени аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Дагы бир шектүү 31 жаштагы жаранга издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.