Кара-Балтада аялга карата зомбулук көрсөткөн жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди
24-июнь күнү «Инстаграм» социалдык тармагындагы «Биз-Вместе» баракчасына жарыяланган видеодо белгисиз эркек кишинин аялга карата күч колдонуп жаткандыгы чагылдырылгандыгы тууралуу маалымат тараган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 22-июнь күнү саат 13:40 чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев жана Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Авангард» дүкөнүнүн жанында болгондугу аныкталган. Аталган факты 25-июнь күнү Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында зомбулук көрсөткөн жаран аныкталып, анын Кара-Балта шаарынын тургуну, 1996-жылы туулган К.Б. экендиги такталган. Ал милиция кызматкерлери тарабынан Жайыл РИИБге жеткирилген. Ошондой эле зомбулукка кабылган аял анын жубайы экендиги аныкталып, окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
Учурда жабырлануучуга келтирилген дене жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайларын тактоого багытталган тергөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.