Кара-Балтада эки мектептин окуучулары мушташып, бир окуучу ооруканага түштү

Кара-Балта шаарындагы эки мектептин окуучулары мушташып, 15 жаштагы өспүрүм ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 13-февраль күнү саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле күнү аймактык ооруканадан денесинен жаракат алып, 2007-жылы туулган өспүрүм кайрылганын билдиришкен. Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы жайгашкан эки мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыкканы белгилүү болгон. Анын кесепетинен 2007-жылы туулган окуучу аймактык ооруканага жеткирилген. Апасы чара көрүү боюнча арыз менен кайрылды. Учурда милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын аты-жөнүн такташты. Учурда тергөө иштери уланууда. Материал боюнча экспертизалар дайындалды.