Буга чейин Кара-Балтада жолдо ызы-чуу чыгып, жөө жүргүнчүнү тез жардам кызматы алып кеткени тууралуу маалымат тараган. Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришип, Мазда унаасынын айдоочусу бейбаштыкка шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка карагада, Жайыл РИИБге ооруканадан чалуу түшкөн. Анда 2004-жылы туулган жигиттин ар кандай жаракат менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылган. Аталган факты катталып, териштирүү башталган.
27-ноябрда саат 12:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев көчөсүндө 1989-жылы туулган айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранга бат өтүп кетиши керектигин айткан. Кесепетинен экөө уруша кетип, мушташка айланган. Жөө жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.