Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы үйүндө күйөөсү П.А.ны өлтүргөнүн билдирген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.
Бул факты катталып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу чыгарылган. Окуя болгон жерден төмөндөгүлөр аныкталган, 11-мартка караган түнү саат 00:00 чамасында жогорудагы даректе 1968-жылы туулган У.В. аттуу жаран, 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен үйдө болгон. Алар спирт ичимдиктерин бирге ичип отуруп, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң күйөөсү У.В.ны сөз менен кемсинтип, моралдык-психологиялык басым кылган. У.В. залда эс алып жатканда күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү ага катуу кыжырын келтирген. Ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Андан соң аны паласка сүйрөп түшүргөн. Күйөөсү П.А. алган жаракаттардан ошол жерде көз жумган.
Окуядан кийин У.В. өз буюмдарын чогултуп, мүмкүн болгон кармоого даярданып, уктап калган. Эртеси күнү ал ойгонуп, денени коридорго сүйрөп таштап, 102 кызматына кабар берген. Окуя болгон жерден бычак алынып, П.Анын денеси моргго жөнөтүлгөн жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. 1968-жылы туулган У.В. шектүү жаран КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.