Кара-Балтадагы массалык мушташтан өспүрүм ок жеди. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Чүй ОИИБден билдиришкендей, мушташка 16-18 жаштагы өспүрүмдөрү катышкан. Массалык мушташка катышкандардын бири мылтык менен ок чыгарып, 15 жаштагы өспүрүм тизесине ок жеген. Жабырлануучу Жайыл районунун травматология бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция кызматкерлери мушташтын катышуучуларын кармап, РИИБге жеткиришкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (курал колдонуу менен бейбаштык кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Аңчылык мылтыгын аткан өспүрүмдүн аты-жөнү аныкталып, Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.











