Кара-Көлдө 6 үй-бүлө үйсүз калды

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылында 6 үй-бүлө үйсүз калды. Бул тууралуу журналисттерге айыл өкмөт башчысы Советбек Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, 28-апрелде саат 15:30 чамасында эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, толук күйүп кеткен. Жашоочулар күйүп жаткан үйдөн майда-чүйдө буюмдарын алып чыгып жетишишкен. Үй-бүлөлөрдү Камбар-Ата ГЭСинин жатаканасына жайгаштырышкан.