Кара-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы жигит асынган абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
29-декабрь күнү саат 12:50 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Көл шаарынын 1983-жылы туулган тургуну кайрылган. Анда Кара-Көл шаарынын түндүк тарабындагы аска-тоолордун арасындагы дарактардын бирине асынып алган белгисиз адамдын жансын денеси тургандыгы тууралуу билдирген.
Окуя болгон жерге Кара-Көл ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда, Кара-Көл шаарынын борборунан 4-5 чакырым алыстыкта жайгашкан аска-зоолуу тоодо өскөн бак-дарактардын биринде асынып турган жансыз дене табылган. Ал 18-июндан тарта дайынсыз болуп жаткан 2002-жылы туулган жарандын жансыз денеси экендиги жана өзүнүн үйүндөгү мал байлаган жипке асынып алгандыгы маалым болгон.
Учурда жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.