Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар 40 жаштагы эркек кишини жана 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан. Кийин 2 чакырым алыстыктан суунун жээгинен 28 жана 37 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. 4 жаштагы бала табыла элек. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери, куткаруучулар суучулдар тартылган.









