Кечээ, 16-май күнү саат 16:39 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 144 чарчы метр чатыры жана Фольксфаген-Пассат үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, дөңгөлөктөрү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
26-апрель күнү саат 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн...









