Кара-Суу районундагы Шаркансай каналына агып кеткен бала Өзбекстандан табылды

31-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Шаркансай суусуна агып кеткен бала коңшу өлкөнүн аймагына агып кирип кеткен болушу мүмкүн деп айтылган. Маалыматта кечээ, 4-июнда өспүрүмдүн сөөгү Анжиян облусунун Коргон-Төбө районундагы Түштүк Фергана каналында табылып, туугандарына өткөрүп берилгени айтылат.