Кара-Сууда 14 жаштагы өспүрүм жаракат алып ооруканага жеткирилген. Изин жашырган айдоочу кармалды (сүрөт)

2-августта кечки саат 21:41 чамасында Ош облусунун Кара-суу районунун Жаңы-Маала айылында ошол эле айылдын 2008-жылы туулган тургунун белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен өспүрүм Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу СЕРЕП  МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

4-августта кечки саат 23:30 чамасында изин жашырып качып кеткен айдоочу Баткен облусунун Лейлек районунун 1998-жылы туулган тургуну Ауди-100 унаасын курулушу бүтө элек үйдүн короосуна катып койгон жеринен табылган. Айдоочу Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө уланууда.