Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган кезде, Мады айыл аймагынын тургуну үйүндө аялы менен кайын энесин учтуу нерсе менен сайганы, натыйжада, аялы денесинен жараат алып ооруканага жеткирилгени, ал эми кайын энеси окуя болгон жерде каза болгондугу маалым болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталды. Жүргүзүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды
28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул...










