Кара-Сууда жаранды атып өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды

Кара-Сууда адамды атып өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-июнга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургунун белгисиз жарандар атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада, жабырлануучу алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Аталган факты боюнча 122-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка колдонулган курал далил буюм катары документи жок бир даана, сайсыз ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 1972-жылы туулган жана 1964-жылы туулган Ынтымак айылынын жашоочулары кармалышып, тергөө кызматына өткөзүлүп берилди. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аларга карата 28-июнь күнү бөгөт коюу чарасы каралып, эки айга камакка алынды.