Кара-Сууда жер көчкү жылып, 40тай адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Кечээ, 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кожо-Келең айылында эски жер көчкүсү активдешип, натыйжада көчкү жылып 5 турак үйгө коркунуч жаралган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал жерге ыкчам түрдө Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси барышып жер көчкүгө атайын белги орнотулду. Ошондой эле ӨКМдин аталган департаментинин “АРГИС” программасына киргизилип активдилүүгү көзөмөлгө алынды. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң метр куб. Учурда аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду 9-июнь күнү чыгарып, жергиликтүү тургундарды көчүү сунушталган.