Кара-Сууда жол кырсыктын кесепетинен 4 өмүр кыйылды

Кара-Суу районундагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсык 4-декабрда саат 01:00 чамасында Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында катталган. Анда Мерседес-Бенц менен Хонда-СР үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жол тандабастын 54 жаштагы айдоочучу, жүргүнчүлөрү — 55, 61, 47 жаштагы жарандар мерт кеткен. Ал эми Алай районунун 49 жаштагы тургуну жана Мерседес-Бенц унаасынын 31 жаштагы айдоочучу жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.