Кечээ, 29-августта Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (Зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан Т.А. аттуу жаран, маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 000 сом акча каражатын сунуштаган. Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан милиция кызматкерине 25 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен Өзгөн шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Т.А. жаран кармалган.
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди
Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым/сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана дагы бир видеодо транспорт каражатында бара жатып...









