Шаршемби, 18.06.2025
Бишкек booked.net
+20...+38° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканага түшкөн окуя. Ишкерлер ири суммадагы акча тууралуу айтышты

17:48 03.02.2023
0
Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканага түшкөн окуя. Ишкерлер ири суммадагы акча тууралуу айтышты

Бүгүн, 3-февралда Ошто жеке ишкерлер, октон жаракат алып ооруканада жаткандардын жакындары жана жактоочу маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Алардын айтымында, каракчылык жасагандар соодагерлердин ири суммадагы акчасын тоноого үлгүрбөй, качып кетишкен. Акча Бишкек шаарына жеткирилгенден кийин ИИМдин кызматкерлери аны «контрабанда» деген жүйө менен алып, Бишкектеги банктардын бирине коюп коюшкан. Ал эми жыйын өткөргөндөр ал акча Кара-Суу базардагы ишкерлердики экенин айтты.

«Ишкерлер товарды чет өлкөдөн алып келишет. Бул жердеги жигиттердин баары Кара-Суу базарында соода менен алектенишет. Бул жигиттер бизнес баштаганда Дубай, Кытай, Түркияга барып, ал жактан шериктерди таап, иштеп баштагандар болуп саналат. Ошентип мурда 10 адам акчаны чет өлкөгө алып чыгып, товар алып келсе, кийинчерээк баарынын акчасын бир адам ташый турган болгон. Соодагерлердин акчасын Сайфидин Рузиев алган. Товарды сатып алууда, акчаларды жеткирүүдө ушул киши аркылуу иш жасап келишкен. Аталган жагымсыз окуя боюнча азыр 4 кылмыш иши бар. Тергөөнүн сыры дегенди билесиздер, ошонун негизинде бардык эле маалыматтарды ачыктоого болбойт. Бул соодагерлер кезектеги акчасын топтоп, Сайфудин Рузиевге берген. Ал шеригине акчаны берип, Бишкекке жөнөткөн. Бишкекте дагы ушундай эле бир топ бизнесмендердин акчасы топтолгон болот. Бул жактан барган акча менен Бишкектеги топтун акчасын бириктирип, эки киши чогуу учуп, акчаны чет мамлекеттеги даректерге жеткирип жүрүшкөн. 27-январь күнү кечинде ушул соодагерлердин акчасын алып баруучу эки жигитке кол салуу болуп, бирок акчаны ала алышкан эмес. Ал балдар жараат алып, ооруканада жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, ошол каракчылардын колуна түшпөй калган акча Бишкекке жеткирилип, ал жактагы ушундай эле соодагерлердин акчасы менен бирге чет мамлекетке учуп кетерде мамлекеттик органдар «бул контрабандалык акча» деп акчаны алып коюшту. Ошол акчаны алып кетип жаткан кишилерди да камап, кылмыш ишин козгошту. Бул расмий декларациясы бар мыйзамдуу акча болгон. Өлкө жетекчилеринен акчаны кайтарып берүүнү суранабыз», — деди маалымат жыйынга катышкандардын бири.

  • 27-январь күнү милицияга Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Нариман айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага кайрылышкан. Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы жаран ич тарабынан жана 21 жаштагы жаран бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (каракчылык) кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 23:21 чамасында Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду

Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду

Автор Эдита Ильясова
12:31 18.06.2025
0

Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 11-июнда Чүй ОИИБге Чүйдөгү жалпы...

Чүйдө сүрөт, видео үчүн унаада ок чыгарган өспүрүмдөр аныкталды

Чүйдө сүрөт, видео үчүн унаада ок чыгарган өспүрүмдөр аныкталды

Автор Эдита Ильясова
09:22 18.06.2025
0

Чүйдө курал менен ок чыгарган, коомдук тартипти бузган шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 16-июнда социалдык тармактарда Hyundai Sonata...

Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

Автор Эдита Ильясова
17:53 17.06.2025
0

16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган....

Ошто 28 жаштагы тамада каза болду. Шектүү катары жердеши кармалды

Ошто бычакталып каза болгон тамада акыркы сапарга узатылды

Автор Эдита Ильясова
15:50 17.06.2025
0

Ошто бычакталып каза болгон тамада акыркы сапарга бүгүн, 17-июнда узатылды. 16-июнда Ош шаарында 28 жаштагы тамада бычактан алган жаракатынан улам...

Унаадан белине чейин чыгып алган кыз үчүн айдоочу айыпка жыгылды

Унаадан белине чейин чыгып алган кыз үчүн айдоочу айыпка жыгылды

Автор Эдита Ильясова
12:20 17.06.2025
0

Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

Сөгүнүп сүйлөгөн блогер Жанара Осмоналиева 3 суткага камакка алынды

17:53 17.06.2025
«Жалгыз калдым» деген таене 10 жаштагы небереси операциядан кийин каза болгонун айтты (видео)

"Жалгыз калдым" деген таене 10 жаштагы небереси операциядан кийин каза болгонун айтты (видео)

11:24 18.06.2025
Садыр Жапаров жаңы министрлерге: «Туура эмес иш жасасаңар эч кимди аябайбыз»

Садыр Жапаров жаңы министрлерге: "Туура эмес иш жасасаңар эч кимди аябайбыз"

10:45 18.06.2025
«Суммасы «секрет» болсун». Министр мугалимдердин айлыгы жогорулай турганын билдирди

"Суммасы "секрет" болсун". Министр мугалимдердин айлыгы жогорулай турганын билдирди

12:46 18.06.2025
Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду

Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумду

12:31 18.06.2025
Сокулукта Асел Кадырмамбетова үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Сокулукта Асел Кадырмамбетова үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

12:08 18.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү