Кара-Сууда өрт өчүрүүчүлөр 4 адамдын өмүрүн сактап калышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жийделик айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрт учурунда турак үйдөн өз убагында 2 аял киши, 2 кыз эвакуацияланган. Абалдары жакшы, жабыркагандар жок. Тилсиз жоо саат 06:13дө чектөөгө алынып, саат 09:10до толук өчүрүлдү.