Кара-Сууда Өзбекстан менен байланыштырган дагы бир жер алдындагы туннель табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринде Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 11-июнда Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды. Жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзгөндө имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, аталган үйдүн ээси Кыргыз  жараны экендиги аныкталды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө ал 2021-жылы Өзбек жараны менен Өзбекстанга эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында эки өлкөнү байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү такталды. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны күнөөсүн моюнуна алып, кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди. Бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.