Ошто таксист киши колдуу болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.
25-февраль күнү саат 21:20 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 25-февраль күнү саат 20:31 чамасында Кара-Суу районунун Медресе айылынын тургуну, 37 жаштагы жарандын үйүнө белгисиз жаран жараат алып, оор абалда келгендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталды. Аталган факты боюнча маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маркумга тиешелүү ак түстөгү Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасы Ош шаарынын Салиева көчөсүндө табылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Инна лилляхи ва инна илейхи раджиун.
Аллах таалам Бейишинен берсин Амин досум 😢
Кайгыга салып күнүмдү досум.
Кан жутуп мына түңүлдүм досум.
Калп эле болуп калса деп аттиң
Кабарга бир топ үңүлдүм досум.
Канталап ыйлап карегим досум.
Кабырда болду дарегиң досум.
Капилет келген ажалдан улам.
Эгилбей кеттиң данегиң досум.
Көгөрүп ыйлап көөдөнүм досум.
Көзүңдөн сүйүү көрбөдүм досум.
Көрүшөөр күнүм жок эми мына.
Чындыктын үйү көрдөсүң досум.
Пайда жок эми кейиштен досум.
Жан элең аттиң келишкен досум.
Жараткан буйруп мээримин төгүп.
Жай берсин сага бейиштен досум.