Кара-Сууда жарандын турак үйүнөн унааны айдап чыгып, бир нече кылмыш жасаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Милицияга 17-февраль күнү Савай айыл аймагынын тургуну кайрылып, үйүнө белгисиз адам кирип, бөлмөдө турган 100 миң өзбек сумун уурдап, үйдүн короосунда турган Хендай Аванте үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткенин айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иштери башталган.
24-февраль күнү кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынды. Ал уурдалган унаага Орусиянын мамлекеттик номурун тагып алган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран дагы 9 адамдын батирине кирип, ар кандай буюмдарды уурдап кеткендиги аныкталды. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүүнүн башка кылмышка тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.