Кара-Сууда үйдө өрт чыгып, 61 жаштагы кишинин өмүрүн алды

Кара-Суу районундагы Мөнөк айылындагы үйдү өрт жалмап, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, үйдүн 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1962-жылы туулган  эркек киши каза болгон, жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн. Кырсыктын себеби такталууда.