Кара-Сууда милиция кызматкерине пара берген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
29-августта Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине (зордуктоо) ылайык козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан жаран, маселени оң жагына чечип берүү максатында милиция кызматкерине 25 миң сом акча каражатын сунуштаган.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин кызматкерлери тарабынан милиция кызматкерине 25 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Өзгөн шаарынын 1988-жылы туулган тургуну кармалган.











