Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң доллар: Милиция кызматкерине айып тагылды
Кечээ, 6-июнда Кара-Суудагы куралдуу каракчылык боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнү маалым болгон. Жоголгон 114 миң доллар" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kara-suudagy-kuralduu-karakchylykta-jogolgon-114-min-dollar-tabylgan-jok-tergoo-ayaktady/"> табылган эмес. Окуя боюнча Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкерине айып тагылган.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кызматкер Жазык кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 205-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Сотто анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыккан.
13-декабрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында курал менен каракчылык катталып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ychoo-ten-murda-sottolgon-kara-suuda-tapancha-takap-unaa-aidap-kachuuga-araket-kylgandar-karmaldy/">катталып, анда үч мурда соттолгон жарандар кармалган. Кийин кол салуу болгон унаада Кытай жаранына таандык 114 миң доллардын тегерегинде акча болгондугу маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/unaada-kytai-jaranynyn-100-min-dollardan-ashyk-akchasyn-tashyp-baratyshkan-kara-suu-shaaryndagy-kuraluu-tonoonun-choo-jaiy/">маалым болгон. Буга удаа эле акчанын дайынсыз жоголгону айтылып" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kara-suudagy-kuralduu-karakchylyk-114-min-dollardyn-daiyny-jok-bolup-jatat/">айтылып, ал факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы билдирилген. Милиция жоголгон 114 миң долларды милиция кызматкерлери алып коюшкан деген маалымат калп экенин да айткан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kara-suudagy-kuralduu-karakchylykta-jogolgon-114-min-dollardy-milicziya-kyzmatkerleri-alyp-koyushkanby-joop/">айткан.