Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң долларды милиция кызматкерлери алып коюшканбы? Жооп

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң долларды милиция кызматкерлери алып коюшкан деген маалымат калп. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. «Каракчылык болгон жерде уурдалган 114 миң 250 доллар жабыркаган адамдан табылган эмес. Жоголгон акча милиция кызматкерлери тарабынан өзүмдүк кылынган дегенге учурда эч кандай далил жок», — дешти милициядан.

Буга чейин айрым ЖМКларда милиция кызматкерлеринин бири акчага ээлик кылып алганы тууралуу маалымат жарыяланган.

13-декабрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында курал менен каракчылык катталып, анда үч мурда соттолгон жарандар кармалган. Кийин кол салуу болгон унаада Кытай жаранына таандык 114 миң доллардын тегерегинде акча болгондугу маалым болгон. Буга удаа эле акчанын дайынсыз жоголгону айтылып, ал факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы билдирилген.