1-сентябрь күнү 1997-жылы туулган келин арыз менен милицияга кайрылган. Анда 1-сентябрга караган түнү үйүндө өзү менен бирге жашаган 1960-жылы туулган кайын атасы менен пикир келишпестиктен улам, анын арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери жана тергөө ыкчам тобу чыгышып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери улана баштаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 1997-жылы туулган С.кызы Р. менен бирге Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жарандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.