Караколдо 19 жаштагы келин 1 жашар уулу менен уурдалган. Окуянын чоо-жайы

Каракол шаарында белгисиз жарандар келинди баласы менен уурдап кетишкен. Алар милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-февраль күнү милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын сиӊдисин 19 жаштагы келинди бир жаштагы баласы менен унаага күч колдонуп олтургузуп, белгисиз тарапка кетип калышканын билдирген. Кылмыштын изин суутпай ачуу үчүн «Колго түшүрүү» операциясы киргизилген. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун операторлору тарабынан унаа жана анын ээси, ошондой эле келинди баласы менен уурдап кеткен жер тез аранын ичинде аныкталган.

Жалал-Абад облусунун 55 жаштагы тургунуна тиешелүү болгон ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа жөнүндөгү маалымат милициянын бардык постторуна кабарланып, инспекторлор маалыматта көрсөтүлгөн унааны токтотушуп, айдоочуну жана жүргүнчүлөрүн Каракол ШИИБдин тергөө кызматына автоунаа менен бирге өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу 19 жаштагы келинди алдын ала сураганда, анын мурдагы күйөөсү 27 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну жана унаанын айдоочусу 55 жаштагы кайнатасы аны мурдагы күйөөсү жашаган жерге баласы менен алып кетүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.