Каракол шаарында айдоочу улгайган аялды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-август күнү саат 15:30 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда жол кырсыгынан улам курактагы аял ар кандай жаракаттары менен ооруканага алып келингендиги маалымдалган.
Катталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милиция барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган аялды сураштырган милиция кызматкерлери, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Пристань-Пржевальск айылчасынын 75 жаштагы тургунун жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.
Кылмышка шектелип, Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну аныкталып, алгачкы суракта жөө жүргүнчүнү сүзгөнүн толугу менен мойнуна алган.










