Royal
SerepTV Logo

Караколдо бастырмадан өрт чыкты

Караколдо бастырмадан өрт чыкты
Каракол шаарындагы чөп жыйнаган сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 28-февралда түшкү саат 4 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Торгоев көчөсүндө бастырмадан өрт чыккан. Андагы 150 түк саман толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 17:30да толугу менен өчүрүүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.
Unknown Author